Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазовдун үйү тинтүүгө алынганы боюнча социалдык тармактарга тараган тасмага түшүндүрмө берди. Мекеме тинтүү болгонун ырастап, ал быйыл июнь айындагы окуя экенин тактады. "Ал иш-чаралар Кыргыз Рес...| Азаттык үналгысы
Украинанын борбор калаасы Киев жана башка да он чакты аймагы 30-октябрга караган түнү Орусиянын ракеталык жана дрон чабуулуна кабылганын өлкөнүн Куралдуу күчтөрү билдирди. Дрондор Харьков, Сумы, Запорожье, Николаев, Днепропетров, Киев, Черкассы, Кировоград, Житомир, Винн...| Азаттык үналгысы
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаевди, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду убагында президент Садыр Жапаров чакырып, “кылмыштуу иш-аракеттер...| Азаттык үналгысы
Беларус менен Литванын чек арасы дагы бир айга жабык болот. Мындай чечимди Литванын өкмөтү кабыл алды. Delfi басылмасынын жазганына ылайык, чектөө 30-ноябрдан кийин да узартылышы ыктымал. Маалыматта Шальчининкай өткөөлү толук жабык болот, Мядининкай пункту чектелген режим...| Азаттык үналгысы
Кошмо Штаттар Румыниядагы аскерлердин бир бөлүгүн чыгарып кетти. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө айтылгандай, Вашингтон Румынияны жана НАТО боюнча өнөктөштөрдү чыгыш флангдагы аскерлердин санын кыскартуу пландары тууралуу эки күн мурун кабардар кылган. ...| Азаттык үналгысы
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Азербайжандын Борбор Азия-АКШ саммиттине катышуу идеясын колдоду. C5+1 форматындагы жолугушуу 6-ноябрда Вашингтондо өткөнү жатат. Азербайжандык Minval Politika басылмасына берген комментарийде Токаев Баку чөлкөмдө чоң роль ойногону...| Азаттык үналгысы
Орус аскерлери шаршембиде Херсон шаарынын Днепр районуна сокку урганда медициналык мекемелердин бири бүлүнгөнүн облустун администрация башчысы Александр Прокудин билдирди. Анын маалыматы боюнча үч кызматкер жана бир жашы жете элек бала жабыркады. Облус прокуратурас...| Азаттык үналгысы
АКШнын Индиана штатында жол кырсыгынан Кыргызстандын эки жараны каза болуп, дагы бири ооруканага жаткырылды. Анын абалы оор экени айтылууда. Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалыматты ырастап, кырсык болгон күндөн тартып Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу ...| Азаттык үналгысы
30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 34 чет мамлекетте 100 шайлоо тилкеси ачылмай болду. Бул тууралуу 29-октябрда өкмөттө шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында айтылды. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) буга чейин ...| Азаттык үналгысы
Орусиянын лидери Владимир Путин Украинадагы согушта жеңишке жетүүнү көксөп турат. Бул америкалык чалгын кызматынын АКШ Конгрессиндеги өкүлдөргө берген отчетундагы бүтүм экенин расмий булактарга таянуу менен NBC News билдирди. Америкалык эксперттер АКШ президенти Дональ...| Азаттык үналгысы
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирүү боюнча арыздарды кабыл алуу 30-октябрь саат 18:00дө аяктай турганын эскертти. Боршайкомдун маалыматына караганда, ушул күнгө чейин шайлоодо талапкер болуу т...| Азаттык үналгысы
Орусияда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айрым Телеграм каналдар 29-октябрга караган түнү мунай ишканалары украин дрондорунун соккусуна кабылганын маалымдап жатышат. Бутага Москва аймагы, Марий-Эл республикасында, Ульяновск облусунда мунайды кайра иштетүүчү заводдо...| Азаттык үналгысы
Бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы оппозициялык үч ири партияга тыюу салдыруу аракетин көрүүдө. 28-октябрда башкаруудагы партия “Бирдиктүү улуттук кыймылды”, “Өзгөрүүлөр үчүн коалицияны” жана “Күчтүү Грузия-Лело” партиясын мыйзамсыз деп таануу арызын Конституция...| Азаттык үналгысы
Тажикстанда Исмоил Сомони мөңгүсүнөн эрип түшкөн массадан улам кооптуу кырдаал жаралды. 25-октябрда коңшу өлкөнүн Тажикабад районунда ак кар, көк муздан бөлүнгөн масса капчыгайды басып, ылдый түштү. Тажик Чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, узундугу ...| Азаттык үналгысы
Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Газага кайрадан абадан сокку урганын 29-октябрда өлкөнүн өкмөттүк кеңсеси билдирди. Премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун чабуул коюуга уруксат берген буйругуна ХАМАС (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган топ) тынчтык келишимин...| Азаттык Υналгысы
АКШ президенти Дональд Трамп, Путин менен жолугушуу Украина боюнча тынчтык келишимине жетишүүгө алып келсе гана бул кадамга барарын билдирди. Трамп бул тууралуу Түштүк-Чыгыш Азияга президенттин Air Force One учагында кетип баратканда журналисттерге айткан. "Убактымды текке ...| Азаттык Υналгысы
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы блогерлерге, контентмейкер, видеомейкерлерге жана социалдык тармактын активдүү колдонуучуларына мыйзамды сактоо тууралуу эскертти. Анда соңку кездери коомдук тартипти бузган, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан, укугу...| Азаттык Υналгысы
Жалал-Абад облусундагы Манас шаарынын депутаттары 24-октябрда кезексиз жыйынга чогулду. Анда бул шаардын облустук деңгээлдеги макамын республикалык кылып өзгөртүү сунушу колдоо тапты. Маалыматта бул сунушту ким киргизгени такталган эмес. Буга чейин Улуттук коопсуздук ...| Азаттык Υналгысы
Орусиянын армиясы ишембиге караган түнү Украинанын борбору Киев шаарын ракета менен аткылады. Шаардын мэри Виталий Кличко телеграм-каналына кеминде сегиз адам жараат алганын, алардын үчөө ооруканага жеткирилгенин жазды. Кличко кандай объекттерге сокку урулганын такт...| Азаттык Υналгысы
Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин балконунан кулаган 37 жаштагы аялдын өлүмүнө байланыштуу чет өлкөлүк эки жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмү кабарлады. “Окуя 24-октябрда шаардагы Фрунзе көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бир...| Азаттык Υналгысы
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 30-ноябрда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо күнү чет өлкөлөрдө кошумча дагы 20 добушкана ачыларын, ошону менен алардын жалпы саны 91 болорун билдирди. Мындай токтом 24-октябрда кабыл алынды. Ага ылайык, Орусияда кошумча 14, Казакстанда эк...| Азаттык Υналгысы
АКШ “Роснефть” жана “Лукойл” компанияларына санкция салгандан кийин Кытайдын мамлекеттик ишканалары деңиз аркылуу орус мунайын сатып алууну токтоткону кабарланды. Бул тууралуу Reuters агенттиги булактарына таянып жазды. Агенттиктин билдиришинче, сөз кытайлык Sinopec, CNOOC ...| Азаттык Υналгысы
Борбордук шайлоо комиссиясы соңку беш жылда Кыргызстанда туруктуу жашабаган Курманбек Жоошбаев аттуу жаранды Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тартты. Мындай чечим Боршайкомдун 22-октябрдагы отурумунда кабыл алынды. Жоошбаев №3 шайлоо окру...| Азаттык Υналгысы
Орусиялык Су-30 жана абада май куюучу Ил-78 учагы Литванын аба мейкиндигин бузганын бул мамлекеттин Коргоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, бул көрүнүш Орусиянын Калининград облусу менен чектешкен Кибартай шаарынын аймагында болгон. Учактар Литванын ...| Азаттык Υналгысы
Кыргызстандык балбан кыз Нурзат Нуртаева Сербияда өткөн жаштар арасындагы чемпионатта (U-23) алтын медал утуп алды. 72 килограммдык салмакта күрөшкөн Нуртаева алгач германиялык, кийин чейрек финалда орусиялык балбандарды жеңди. Ал эми жарым финалда ал жапониялык балбан м...| Азаттык Υналгысы
Өзбекстандын Алдыңкы технологиялар борборунун окумуштуулары улуттук генетикалык карта түзүү үчүн калктын ДНКсын текшерүү боюнча кеңири изилдөө жүргүзүштү. Газета.uz сайты кабарлагандай, ага дени сак жана ар кандай тукум кууган ооруларга чалдыккан 250 бала тартылды. Нат...| Азаттык Υналгысы
Украинанын Краматорск шаарында орусиялык дрон соккусунан украиналык FREEДОМ телеканалынын эки журналисти каза тапты. Бул жөнүндө Донецк облусунун аскердик администрациясынын башчысы Вадим Филашкин билдирип, кийин телеканал кабарды бышыктады. Маалыматка караганда, аск...| Азаттык Υналгысы
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстанда өрт катталган учурлар көбөйгөнүн билдирди. Өткөн тогуз айда 2 миң 284 учур катталган жана бул былтыркы ушул мезгилден 25% көп. Бул убакыт аралыгындагы өрттөн жалпы 40 киши каза болгон, анын 12си балдар. Өрт коопсуздугу жөнүндөгү мый...| Азаттык Υналгысы
22-октябрдын түнүндө орусиялык аскерлер Украинага дрон жана ракета менен чабуул койду. Киевде соккулардан эки адам каза тапты. Дагы 19 адам жабыркаган, арасында беш бала бар. "Төрт бала жана беш киши ооруканага жеткирилди", - деп билдирди шаар мэри Виталий Кличко. Украинанын...| Азаттык Υналгысы
Тажикстандын муфтийи, Уламалар кеңешинин төрагасы Саидмукаррам Абдулкодирзода өткөн жумадагы намаз учурунда ботокс жана татуировка жасаткан “мода” калк арасында жайылып жатканына тынчсыздануусун билдирди. Анын видеосу үч күн мурун Тажикстандын Ислам борборунун Ют...| Азаттык Υналгысы
АКШ президенти Дональд Трамптын орус президенти Владимир Путин менен “жакынкы мезгилде” жолугушуу планы жок. Бул тууралуу Reuters агенттиги Ак үйдөгү булактарына таянып таратты. Мындай маалыматты CBS News жана CNN баштаган бир нече америкалык каналдар да билдирүүдө. NBC News кана...| Азаттык Υналгысы
22-октябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Министрликтин басма сөз кызматы Жээнбек Кулубаев Кыргызстан АКШ менен саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык б...| Азаттык Υналгысы
Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан ишкер, “KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун адвокаты Асель Аргымбаева анын коргоосундагы адамдын ден соолугу кескин начарлап кеткенин билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына пост чыгарып, 21-октябрда тергөө аб...| Азаттык Υналгысы
Ош мэриясынын маалыматына караганда, Ош шаарындагы Жибек-Жолу аймактык башкармалыгындагы Орозбеков 26 көчөсүндө таңкы саат 3:30 чамасында турак үйдүн жер төлөсүндө өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт алоолонуп чатырына чыкканда кошуналары көрүшкөн. Өрт өчүрүүчүлө...| Азаттык Υналгысы
Чүйдүн Новопокровка айылында газоблок чыгарган заводдо жарылуу болуп, 34 жана 61 жаштагы эки адам каза болду. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 21-октябрда Instagram баракчалардын биринде Ысык-Ата районунда болгон делген жарылуунун видеосу чы...| Азаттык Υналгысы
Орусиянын Новгород облусундагы Валдай райондук соту өзбекстандыктардын "Ватандош" биримдигинин башчысы Усман Баратовду бир жыл сегиз айга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кести. Абакта отурган Баратовго колониянын иш тартибин бузганы үчүн айып тагылды. Бул тууралуу «...| Азаттык Υналгысы
Эфиопияда Кыргызстандын элчилиги ачылып, Адылбек Тултемиров элчи болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты. Эфиопиядагы элчилик Кыргызстандын Африка континентиндеги алгачкы дипломатиялык мекемеси болуп саналат. Бул өлкөдө элчилик ачуу...| Азаттык Υналгысы
Словакиянын соту премьер-министр Роберт Фицого кол салган Юрай Цинтуланы 21 жылга абакка кести. 72 жаштагы жазуучу теракт жасаганы үчүн айыптуу деп табылды. Адвокаттар анын ишин терроризм эмес, нааразылык билдирүү акциясы деп өзгөртүүнү өтүнгөн. Цинтула өкмөт башчынын кө...| Азаттык Υналгысы
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун үстүбүздөгү аптада болот деген жолугушуусу кийинкиге калды. Бул тууралуу өз булактарына таянып CNN кабарлады. Кездешүүнү которууга эмне себеп болгону белгисиз. Телеканал менен маек...| Азаттык Υналгысы
Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози Париждеги Санте түрмөсүнө барды. "Ливия ишине" байланыштуу айыпталып, беш жылга соттолгон Саркози Франциянын экс-президенттеринин ичинен биринчи болуп абакка камалууда. Ал доо арызы каралганга чейин жаза мөөнөтүн бир кишил...| Азаттык Υналгысы
Салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычовдун камактагы мөөнөтү 20-ноябрга чейин узартылды. Мындай чечимди 14-октябрда Ленин райондук соту кабыл алганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады. Алардын кам...| Азаттык Υналгысы
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча мекемесинин жетекчиси Кая Каллас шаркетке мүчө 26 мамлекет Украинадагы согушка байланыштуу атайын трибунал түзүүгө катышууга даяр экенин билдирди. "Бүгүн 26 мүчө-өлкө бул трибуналдын катышуучусу болуу милдетин өзүнө алды", - деди Калл...| Азаттык Υналгысы
Болотбек Тиллебаев Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) директору кызматынын бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Президент башка тескемеси менен Уланбек Сатиевди УТРКнын директору кылып ...| Азаттык Υналгысы
АКШ президенти Дональд Трамп ондогон өлкөгө, анын ичинде Казакстанга жаңы бажы төлөмдөрүнкиргизди. CNN жарыялаган тизмеге ылайык, 7-августтан тарта Казакстандан АКШга импорттолгон товарлардан 25% бажы төлөмү алынат. Жаңы чаралар 69 өлкөнү, ошондой эле Евробиримдикти камты...| Азаттык Υналгысы
Энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл Токтогул суу сактагычында суу былтыркыга салыштырмалуу 700-800 миллион кубга аз экенин билдирди. Ал бул тууралуу 25-июлда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Келерки айда дагы 2024-жылдагыдай суунун көлөмү болбо...| Азаттык Υналгысы
Орусия Украинага кол салып, бастырып киргенден бери кеминде 120 343 орусиялык жаран мерт болду. Мындай маалыматты Би-Би-Си менен "Медиазона" басылмасы ачык булактарга таянып чогуу аныктап чыкты. Ага ылайык, набыт болгондордун 27% келишим түзүп, согушка өз эрки менен баргандар...| Азаттык Υналгысы
Таиланд Камбоджа менен чек арасындагы куралдуу кагылышта бери дегенде 16 адам мерт болгонун, алардын дээрлик баары жайкын тургундар экени кабарлады. Reuters агенттиги 24-июлга караган түнү тутанган жаңжал жума күнү дагы уланганын жазды. Таиланддын бийлигинин билдиришинче, ж...| Азаттык Υналгысы
Орусиянын Тергөө кызматы Амур облусунда кыйраган Ан-24 учагындагы 48 адамдын баары - 42 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү набыт болгонун расмий бышыктады. Аталган облуста үч күндүк аза күтүү жарыяланды. "Ангара" авикомпаниясына таандык учак 24-июлда Хабаровск-Благовещенс...| Азаттык Υналгысы
Франциянын президенти Эммануэл Макрон расмий Париж Палестина мамлекетин тааный турганын сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын жыйынында жарыяларын билдирди. Ал бул тууралуу Х социалдык тармагындагы баракчасына жазды жана Палестинанын башчысы...| Азаттык Υналгысы
Президент Садыр Жапаров Жаза аткаруу кызматынын башчысы Чыңгыз Кожошевге сөгүш берди. Анын администрациясы мындай тартиптик жазаны "жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн" алганын кабарлады. "Укук тартибин камсыздоого тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү жан...| Азаттык Υналгысы
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын президенти Владимир Зеленский август аяктаганча жолугушуусу күмөн экенин айтты. Ал 24-июлда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып дагы бир топ иш жасалышы керектигин...| Азаттык Υналгысы
Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек менен Ош шаарларында "одоно мыйзам бузган" 78 жеке клиниканын иши убактылуу токтотулганын билдирди. Бул чечим кеңири текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин кабыл алынганын маалымдады. “Жалпы жонунан 117ден ашуун жеке медициналык уюм текшерил...| Азаттык Υналгысы
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 24-июлда Бишкекте Кытай эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи менен жолукту. Кыргыз өкмөтү анда тараптар соода-экономикалык алака-катышты талкуулаганын билдирди. Жолугушууда эки өлк...| Азаттык Υналгысы
Казакстанда дарыгерлерди, медициналык кызматкерлерди сабап, кол көтөргөндөрдү 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган мыйзам долбоор иштелип чыкты. Документти Саламаттык сактоо жана Ички иштер министрликтери менен Башкы прокуратура даярдаган. Бул тууралуу саламатты...| Азаттык Υналгысы
Орусиянын Сочи шаарында 24-июлга караган түнү Украинанын дрон чабуулунан эки адам мерт болду. Аймактын губернатору Вениамин Кондратьев Адлер районуна дрондун сыныктары кулап түшкөнүн, Авиация көчөсүндөгү эки аял алган жараатынан улам набыт болгонун билдирди. Анын сөзү...| Азаттык Υналгысы
Түндүк-түштүк кошумча жолунун 282-чакырымына 24-июлда 12.30дар чамасында таш кулап, убактылуу жабылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады. Жолду тазалоо жүрүп жатканын кабарлап, айдоочуларды зарыл иши болбол...| Азаттык Υналгысы
Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, бүгүн 24-июлда мекеменин башчысынын биринчи орун басары Нурлан Эрматов аталган темир жолдун курулушу алкагында Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында темир жол линиясына туура келген турак жайла...| Азаттык Υналгысы
Орусиянын Коргоо министрлиги Украина менен дагы туткун алмашуу болгонун билдирди. Мекеме бул тууралуу Телеграм каналына жарыялады, бирок алардын санын тактаган жок. Стамбулдагы сүйлөшүүгө орус делегациясын жетектеп барган Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Медин...| Азаттык Υналгысы
Орус армиясы 24-июлга караган түнү Одессага тынымсыз чабуул жасады. Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Кипер анда шаардын тарыхый борборундагы ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген объекттер, имараттар жабыркаганын билдирди. Чабуулдардан у...| Азаттык Υналгысы
Бишкек шаардык мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Болот Чолпонбаев жана анын орун басарлары Болот Апилов менен Адилет Турдуев иштен алынды. Мэриянын басма сөз кызматы аларды шаар башчысы ишиндеги кемчиликтерден улам кетиргенин билдирди. ...| Азаттык Υналгысы
Москванын Экинчи округдук соту "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы кандуу кол салуу боюнча ишти 4-августта карай баштайт. Бу тууралуу мамлекеттик ТАСС агенттиги кабарлады. Сот процесси Москва шаардык сотунун имараттарынын биринде өтөт. Ишти үч судья карайт. Сотко че...| Азаттык Υналгысы
Германия коргоого муктаж чет элдиктерге берилчү гуманитардык виза программасын токтотту. Бул тууралуу немистердин Ички иштер министрлигинин сайтына жарыяланды. Соңку үч жылда саясий жүйө менен Орусиядан 3 миңден ашуун киши гуманитардык виза алганын укук коргоочулар б...| Азаттык Υналгысы
Орусияда Мамлекеттик дума 22-июлда интернеттен "экстремисттик мүнөздөгү" маалымат издөөгө жаза каралган мыйзам долбоорду үчүнчү окууда кабыл алды. Ага ылайык, Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекс жаңы беренелер менен толукталды. Эми интернеттен “экстремист...| Азаттык Υналгысы
Президент Садыр Жапаров 21-июлда Жер кодексине өзгөртүү киргизүү мыйзам долбооруна кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 4-июнда эч талкуусуз кабыл алган. Садыр Жапаров бул мыйзамды апрелде каршы пикир менен артка кайтарган. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов "М...| Азаттык Υналгысы
Якутияда шахтерлорду ташып бараткан автобус жардан кулап, 13 адам, анын ичинде үч кыргызстандык мерт болду. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) билдиришинче, окуя 21-июлга караган түнү Нерюнгри районунда болгон. “Чыгыш Денисовкий” шахтасынын жумушчуларын таш...| Азаттык Υналгысы
Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев менен Москванын түз сүйлөшүүлөрүнүн кийинки айлампасы Стамбулда 23-июлга белгиленгенин билдирди. Ал дүйшөмбү күнкү кечки кайрылуусунда бул тууралуу мурдагы коргоо министри, жакында эле Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин ...| Азаттык Υналгысы
Бангладеште Аба күчтөрүнүн машыгуучу учагы Даккадагы мектептердин бирине кулап, кеминде 27 киши мерт болду, дагы 170тен ашыгы жараат алды. Би-би-си өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме кылып набыт болгондордун көбү – 25и балдар экенин жазды. Ооруканага 50дөн ашы...| Азаттык Υналгысы
Улуттук илимдер академиясы Кыргызстанда табылган динозаврга “Алпкаракуш” деген ат берилгенин билдирди. Академиянын Фейсбук баракчасына жарыяланган маалыматка ылайык, динозаврдын сөөгү Аксы районунун аймагында, Таш-Көмүр шаарына жакын Ууру-Сай деген жерде табылган. ...| Азаттык Υналгысы
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Ысык-Көл облусундагы жогорку окуу жайлардан жалпысынан 941 студент чыгарылганын билдирди. “Студенттердин сабакка катышуусун жана билим сапатын комиссиялык текшерүүдө жогорку окуу жайлардын жана атайын окуу жайлардын талаптарына баш ...| Азаттык Υналгысы
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам көрсөткөн кризистик борборлорду колдоо, каржылоо көбөйгөнүн билдирди. Мындай жайларга 2022-жылдан бери жыл сайын 12 миллион сомдон бөлүнүп келсе, быйыл 2...| Азаттык Υналгысы
Израилдин армиясы 21-июлда эртең менен Газанын борборундагы Дейр-эл-Балах шаарында абадан жана жерден операциясын баштады. Мындан улам тургундар кымгуут-кыйсыпыр болуп шаардан качып чыгып жатканы тартылган видео-сүрөттөр тарады. ЦАХАЛ бул операциясы тууралуу мындан би...| Азаттык Υналгысы
Ош шаарынын мэриясы айрым соодагерлердин нааразылыгына карабай “Келечек” базары 31-июлда көчүрүлө баштарын билдирди. Ушул жылдын май айында мэр Жеңишбек Токторбаев базарда иштегендерге бир канча вариант сунуштаганын, бирок соодагерлер ага макул болбогонун билдирди. "...| Азаттык Υналгысы
АКШнын президенти Дональд Трамп "Талибан" кыймылы бийликке келгенден кийин Ооганстандан качып Бириккен Араб Эмираттарын (БАЭ) башкалкалап жаткан качкындарга жардам убада кылды. Бул өлкөгө ооган тектүү америкалык аскерлердин үй-бүлө мүчөлөрү, АКШдагы ата-энелери менен ...| Азаттык Υналгысы
Бишкекте 21-июлда Кыргызстандын жана Монголиянын президенттери Садыр Жапаров менен Ухнаагийн Хурэлсухтун жолугушуусу өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билим берүү, илим жана айыл чарба өңдүү тармактарда кызматташууну өнүктүрүү үчүн 13 документке кол коюлду. Президент...| Азаттык Υналгысы