Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоого катышууга арыз берген бир нече кишини талапкер катары каттаган жок. Арасында парламенттин мурдагы депутаттары Шайлообек Атазов жана Жалолидин Нурбаев бар.| Азаттык үналгысы
Өзбекстанда немис тилинин курстарынын кадыры артууда. Тилди негизинен акыл-эси токтолуп калган, эмгекке жарамдуу адамдар окуп жатат. Алар Орусиядагы өзбекстандык мигранттардын укугун тынымсыз бузган рейддерден улам иштей турган башка багыттарды издешүүдө.| Азаттык үналгысы
Өзбекстандын расмийлери акыркы жылдары Сауд Арабиясы менен экономикалык кызматташтык мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлде өнүгүп жатканын белгилешүүдө. Эр-Рияд да Ташкентке инвестиция салууда активдүүлүгүн арттырды.| Азаттык үналгысы
Ош мэриясынын маалыматында, Ош шаарындагы Жибек-Жолу аймактык башкармалыгындагы Орозбеков 26 көчөсүндө таңкы саат 3:30 чамасында турак үйдүн жер төлөсүндө өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.| Азаттык Υналгысы
Бишкекте жол кырсыгынан каза тапкан өспүрүмдүн энеси бийликке кайрылып, мындай кылмышка себепчи болгон балдардын ата-энесинин да жоопкерчилигин мыйзам алкагында кароого чакырды. 18-октябрдагы каргашада бир өспүрүмдүн өмүрү кыйылды, дагы үч бала жабыркады.| Азаттык Υналгысы