Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазовдун үйү тинтүүгө алынганы боюнча социалдык тармактарга тараган тасмага түшүндүрмө берди. Мекеме тинтүү болгонун ырастап, ал быйыл июнь айындагы окуя экенин тактады. "Ал иш-чаралар Кыргыз Рес...| Азаттык үналгысы
Кыргызстанда соңку 3-4 жылдан бери кыймылсыз мүлктүн жана батирдин ижара баасы токтоосуз өсүп келе жатат. Башкалаа Бишкекте жыл башынан бери дагы 25-30% чейин өстү. Турак жай баасы 30% кымбаттады. Өткөн айда Numbeo ресурсу Бишкекти жашоого кымбат шаарлардын катарына киргизген э...| Азаттык үналгысы
Украинанын борбор калаасы Киев жана башка да он чакты аймагы 30-октябрга караган түнү Орусиянын ракеталык жана дрон чабуулуна кабылганын өлкөнүн Куралдуу күчтөрү билдирди. Дрондор Харьков, Сумы, Запорожье, Николаев, Днепропетров, Киев, Черкассы, Кировоград, Житомир, Винн...| Азаттык үналгысы
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаевди, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду убагында президент Садыр Жапаров чакырып, “кылмыштуу иш-аракеттер...| Азаттык үналгысы
Беларус менен Литванын чек арасы дагы бир айга жабык болот. Мындай чечимди Литванын өкмөтү кабыл алды. Delfi басылмасынын жазганына ылайык, чектөө 30-ноябрдан кийин да узартылышы ыктымал. Маалыматта Шальчининкай өткөөлү толук жабык болот, Мядининкай пункту чектелген режим...| Азаттык үналгысы
Газа тилкесинде шейшембинин кечинде жана түн ичинде урулган соккулардан ондогон киши мерт кетти. АКШнын Индиана штатында жол кырсыгынан Кыргызстандын эки жараны каза болуп, дагы бири ооруканага жаткырылды. БШК бир нече кишини талапкер катары каттоодон баш тартты.| Азаттык үналгысы
Кошмо Штаттар Румыниядагы аскерлердин бир бөлүгүн чыгарып кетти. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө айтылгандай, Вашингтон Румынияны жана НАТО боюнча өнөктөштөрдү чыгыш флангдагы аскерлердин санын кыскартуу пландары тууралуу эки күн мурун кабардар кылган. ...| Азаттык үналгысы
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Азербайжандын Борбор Азия-АКШ саммиттине катышуу идеясын колдоду. C5+1 форматындагы жолугушуу 6-ноябрда Вашингтондо өткөнү жатат. Азербайжандык Minval Politika басылмасына берген комментарийде Токаев Баку чөлкөмдө чоң роль ойногону...| Азаттык үналгысы
Орус аскерлери шаршембиде Херсон шаарынын Днепр районуна сокку урганда медициналык мекемелердин бири бүлүнгөнүн облустун администрация башчысы Александр Прокудин билдирди. Анын маалыматы боюнча үч кызматкер жана бир жашы жете элек бала жабыркады. Облус прокуратурас...| Азаттык үналгысы
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоого катышууга арыз берген бир нече кишини талапкер катары каттаган жок. Арасында парламенттин мурдагы депутаттары Шайлообек Атазов жана Жалолидин Нурбаев бар.| Азаттык үналгысы
АКШнын Индиана штатында жол кырсыгынан Кыргызстандын эки жараны каза болуп, дагы бири ооруканага жаткырылды. Анын абалы оор экени айтылууда. Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалыматты ырастап, кырсык болгон күндөн тартып Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу ...| Азаттык үналгысы
30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 34 чет мамлекетте 100 шайлоо тилкеси ачылмай болду. Бул тууралуу 29-октябрда өкмөттө шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында айтылды. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) буга чейин ...| Азаттык үналгысы
Өзбекстанда немис тилинин курстарынын кадыры артууда. Тилди негизинен акыл-эси токтолуп калган, эмгекке жарамдуу адамдар окуп жатат. Алар Орусиядагы өзбекстандык мигранттардын укугун тынымсыз бузган рейддерден улам иштей турган башка багыттарды издешүүдө.| Азаттык үналгысы
Орусиянын лидери Владимир Путин Украинадагы согушта жеңишке жетүүнү көксөп турат. Бул америкалык чалгын кызматынын АКШ Конгрессиндеги өкүлдөргө берген отчетундагы бүтүм экенин расмий булактарга таянуу менен NBC News билдирди. Америкалык эксперттер АКШ президенти Дональ...| Азаттык үналгысы
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирүү боюнча арыздарды кабыл алуу 30-октябрь саат 18:00дө аяктай турганын эскертти. Боршайкомдун маалыматына караганда, ушул күнгө чейин шайлоодо талапкер болуу т...| Азаттык үналгысы
Орусияда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айрым Телеграм каналдар 29-октябрга караган түнү мунай ишканалары украин дрондорунун соккусуна кабылганын маалымдап жатышат. Бутага Москва аймагы, Марий-Эл республикасында, Ульяновск облусунда мунайды кайра иштетүүчү заводдо...| Азаттык үналгысы
Өзбекстандын расмийлери акыркы жылдары Сауд Арабиясы менен экономикалык кызматташтык мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлде өнүгүп жатканын белгилешүүдө. Эр-Рияд да Ташкентке инвестиция салууда активдүүлүгүн арттырды.| Азаттык үналгысы
Бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы оппозициялык үч ири партияга тыюу салдыруу аракетин көрүүдө. 28-октябрда башкаруудагы партия “Бирдиктүү улуттук кыймылды”, “Өзгөрүүлөр үчүн коалицияны” жана “Күчтүү Грузия-Лело” партиясын мыйзамсыз деп таануу арызын Конституция...| Азаттык үналгысы
Тажикстанда Исмоил Сомони мөңгүсүнөн эрип түшкөн массадан улам кооптуу кырдаал жаралды. 25-октябрда коңшу өлкөнүн Тажикабад районунда ак кар, көк муздан бөлүнгөн масса капчыгайды басып, ылдый түштү. Тажик Чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, узундугу ...| Азаттык үналгысы
Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Газага кайрадан абадан сокку урганын 29-октябрда өлкөнүн өкмөттүк кеңсеси билдирди. Премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун чабуул коюуга уруксат берген буйругуна ХАМАС (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган топ) тынчтык келишимин...| Азаттык Υналгысы
АКШнын президенти Дональд Трамптын Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын чабарманы Серхио Гор менен мамлекеттик катчынын орун басары Кристофер Ландау 26-30-октябрь күндөрү Казакстан менен Өзбекстанда болот. Бул тууралуу Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти кабар...| Азаттык Υналгысы
Жалал-Абад шаардык кеңеши калаанын атын Манас кылып өзгөртүүнү колдоду, эми атайын мыйзам долбоор даярдалып ал Жогорку Кенеште каралмакчы.| Азаттык Υналгысы
Бейшембиде бир нече өлкө жана өкмөттөр аралык уюмдар Израилдин Иордан дарыясынын батыш жээгин аннексиялап алуу аракетин айыптаган билдирүү жасашты. Арасына Египет, Иордания, Катар, Сауд Арабия, Түркия жана башкалар кирген 15 өлкө менен Араб мамлекеттеринин лигасы, Ислам...| Азаттык Υналгысы
Азербайжандын соту орусиялык Sputnik Азербайжан агенттигинин башкы редактору Евгений Белоусовдун бөгөт чарасын өзгөртүп, үч айга үй камагына чыгарды. Бул тууралуу APA агенттиги жазды. Белоусов менен агенттиктин директору Игорь Картавых 30-июнда, Баку менен Москванын мамиле...| Азаттык Υналгысы
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кичи мекени – Дангара шаарчасында бир нече жайдын ачылышына катышты. Айрымдарына анын аты берилгенин мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Алсак, жаңы мектепке президенттин ысымы ыйгарылды. Курулуш 2024-жылы башталган. 3420 б...| Азаттык Υналгысы
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Европа Биримдигинин кыргызстандык эки банкка санкция салганын өкүнүү менен кабыл алганын билдирди. Мекеменин 24-октябрдагы билдирүүсүндө Кыргызстан санкция боюнча эл аралык милдеттенмелерин так сактап жатканы, бул жааттагы ...| Азаттык Υналгысы
“Азаттык” Орусиянын Украинадагы согушунда теги кыргызстандык кеминде 70 киши набыт болгонун аныктады. Алардын 38и Кыргызстандын жараны. Калганы теги кыргызстандыктар. 10 адамдын колунда эки өлкөнүн тең паспорту болгон. Арасында Орусияда иштеп жүрүп, акыркы жылдары орус ...| Азаттык Υналгысы
Орусияда мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге ("кара тизме") кирген кыргызстандыктардын саны 103 миң кишини түздү. Алардын 30 пайызы балдар. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы башкы консулу Бакыт Асаналиев “Азаттыкка” билдирди. Ал реестрдеги жарандард...| Азаттык Υналгысы
Орусиянын армиясы 25-октябрга караган түнү Украинаны “Искандар-М” үлгүсүндөгү тогуз баллистикалык ракета жана 60тан ашык дрон менен аткылады. Өлкөнүн Абадан коргоо күчтөрү төрт ракета жана 50дөй учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн билдирди. Украин бийлиги ракеталар кайс...| Азаттык Υналгысы
АКШ президенти Дональд Трамп, Путин менен жолугушуу Украина боюнча тынчтык келишимине жетишүүгө алып келсе гана бул кадамга барарын билдирди. Трамп бул тууралуу Түштүк-Чыгыш Азияга президенттин Air Force One учагында кетип баратканда журналисттерге айткан. "Убактымды текке ...| Азаттык Υналгысы
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев дарыгерлерге кол салып, сабагандарга жазаны катаалдатууну тапшырды. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Руслан Желдибаев билдирди. Ал Токаев медициналык кызматкерлерге күч колдонгондорго катуу чара көрүү тууралуу депутатт...| Азаттык Υналгысы
Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Бишкектеги ооруканалардын баары шаардын сыртына, Көк-Жарга чыгарыларын билдирди. Ал бул тууралуу 23-июлда Эне-баланы коргоо улуттук борборунун оңдоп-түзөтүүдөн өткөндөн кийинки абалын көрүү үчүн барганда айт...| Азаттык Υналгысы
Казакстандын бийлиги Өзбекстан менен чек арасында күйүүчү май аткезчилик жол менен ташылган ири тоннел табылганын билдирди. Финансылык мониторинг агенттиги атайын операциянын негизинде аныкталган тоннелдин узундугу 450 метр болгонун, контрабанда менен атайын топ алек...| Азаттык Υналгысы
Абакта жаткан укук коргоочу Рита Карасартованын соту белгисиз мөөнөткө жылды. Бул тууралуу ага укуктук жардам көрсөтүп жаткан “Кылым шамы“ уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова билдирди. Анын ырасташынча, бул ишти караган судья башка аймакка которулуп кеткен, ал эм...| Азаттык Υналгысы
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктардын аты-жөнүн тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча мыйзамга 18-июлда кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 11-июндагы жыйынында кабыл алган. "Аталган мыйзам кыргыз каада-салттарына жана маданий өзгөчөлүктөрүнө ылайык фамилия тандо...| Азаттык Υналгысы
Еврошаркеттин Орусияга салган санкциялык тизмесине Кыргызстандагы эки банк, криптовалюта чыгарган компания жана криптобиржа илинди. Биримдиктин сайтындагы маалыматка караганда, кара тизмеге «Толубай» жана «Евразия сактык банкы», ошондой эле Орусиянын мамлекеттик ко...| Азаттык Υналгысы
АКШнын президенти Дональд Трамп орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолукпай турганын билдирди. Ушул эле күнү Кошмо Штаттардын Финансы министрлиги орустардын “Роснефть” жана “Лукойл” ири мунай компанияларын санкциялык тизмеге киргизгени маалымдалды.| Азаттык Υналгысы
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев баш болгон бир катар саясатчылар жазага тартылган Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыкты.| Азаттык Υналгысы
АКШнын президенти Дональд Трамп орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолукпай турганын билдирди. Лидерлер жакын арада Будапештте кездешерин ал 16-октябрдагы телефон сүйлөшүүсүнөн кийин жарыялаган.| Азаттык Υналгысы
Борбордук шайлоо комиссиясы 22-октябрдагы отурумунда 30-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоонун алдында бир катар мыйзамсыз үгүт иштери аныкталып, айып салынганын билдирди. Маалыматка караганда, Жогорку Кеңешке №2 шайлоо округунан талапкерлигин коюп жаткан парламент...| Азаттык Υналгысы
Орусиянын Амур облусундагы Тында шаарына жакын аймакта Ан-24 үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган учак кыйрады. Маалыматтарга караганда, ичинде 49 адам, анын ичинде 43 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон. Орусиялык маалымат агенттиктери алардын бири дагы аман калбаганын ж...| Азаттык Υналгысы
Министрлер кабинети дебюрократизация жараянынын алкагында аймактардагы маданият үйлөрү менен китепканаларды реформалоо тууралуу тескеме кабыл алды. Ага ылайык, сакталууга тийиш деп эсептелген китепканалардын башкалары кайра уюштурулат, же жоюлат. "Заманбап маалымат...| Азаттык Υналгысы
АКШ президенти Дональд Трамп криптовалюта биржасындагы ири Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаого ырайым бергенин Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт билдирди. Анын айтымында, Трамп “өзүнүн конституциялык ыйгарым укугун колдонуп, Байдендин администрац...| Азаттык Υналгысы
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы блогерлерге, контентмейкер, видеомейкерлерге жана социалдык тармактын активдүү колдонуучуларына мыйзамды сактоо тууралуу эскертти. Анда соңку кездери коомдук тартипти бузган, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан, укугу...| Азаттык Υналгысы
Жалал-Абад облусундагы Манас шаарынын депутаттары 24-октябрда кезексиз жыйынга чогулду. Анда бул шаардын облустук деңгээлдеги макамын республикалык кылып өзгөртүү сунушу колдоо тапты. Маалыматта бул сунушту ким киргизгени такталган эмес. Буга чейин Улуттук коопсуздук ...| Азаттык Υналгысы
Орусиянын армиясы ишембиге караган түнү Украинанын борбору Киев шаарын ракета менен аткылады. Шаардын мэри Виталий Кличко телеграм-каналына кеминде сегиз адам жараат алганын, алардын үчөө ооруканага жеткирилгенин жазды. Кличко кандай объекттерге сокку урулганын такт...| Азаттык Υналгысы
Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин балконунан кулаган 37 жаштагы аялдын өлүмүнө байланыштуу чет өлкөлүк эки жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмү кабарлады. “Окуя 24-октябрда шаардагы Фрунзе көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бир...| Азаттык Υналгысы
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 30-ноябрда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо күнү чет өлкөлөрдө кошумча дагы 20 добушкана ачыларын, ошону менен алардын жалпы саны 91 болорун билдирди. Мындай токтом 24-октябрда кабыл алынды. Ага ылайык, Орусияда кошумча 14, Казакстанда эк...| Азаттык Υналгысы
АКШ “Роснефть” жана “Лукойл” компанияларына санкция салгандан кийин Кытайдын мамлекеттик ишканалары деңиз аркылуу орус мунайын сатып алууну токтоткону кабарланды. Бул тууралуу Reuters агенттиги булактарына таянып жазды. Агенттиктин билдиришинче, сөз кытайлык Sinopec, CNOOC ...| Азаттык Υналгысы
Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев 11-июлда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолукту. Анда тараптар расмий Вашингтондун кыргыз жарандарына визанын мөөнөтүн кыскарткан чечими талкууланды. “Алмаз Имангазиев мындай өзгөртүүлөргө байлан...| Азаттык Υналгысы
30-ноябрга белгиленген мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) узак мөөнөттүү 30 байкоочу жөнөтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 21-октябрда БШК төрагасы Тынчт...| Азаттык Υналгысы
Президент Садыр Жапаров Ош шаарында жана Чүйдүн Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында кырсыктан каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты. Президенттин кайрылуусун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Анда мамлеке...| Азаттык Υналгысы
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Ош шаарында алты адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгы алдын ала маалымат боюнча үйдө электр жылыткычын колдонуудан чыкканын биллдирди. Турак жай оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан. Расмий маалыматка ылайык, 22-октябрда болжол менен саат 03:30да Ош ш...| Азаттык Υналгысы
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана Кылмыш-жаза кодекске “Сексуалдык ыдык” беренесин киргизүү сунушун берди. Министрлик иштеп чыккан документ коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык, сексуалдык мүнөздөгү ачык сөздөрдү айтып жыныстык органдар...| Азаттык Υналгысы
Орус бийлиги чет элдик мигранттарды өлкөдөн чыгаруунун шартын жеңилдеткен мыйзам сунуштап жатат. Ага ылайык, административдик кодекстин дагы 20 беренеси боюнча мигранттарды Орусиядан чыгарууга жол ачылат.| Азаттык Υналгысы
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Москвадагы “Крокус сити” борборуна кол салуудан кийин дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык эки кыз - Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошту.| Азаттык Υналгысы
Стамбулда орус жана украин делегацияларынын толук курамдагы сүйлөшүүсү жарым сааттан ашык убакытка созулду. Сүйлөшүүлөрдүн 3-айлампасы буга чейинки жолугушуулардан кыска болду. Бул жолу эки делегациянын башчылары Рустем Умеров менен Владимир Мединский сүйлөшүүнүн ал...| Азаттык Υналгысы
Казакстанда эркин журналисттер мурда коркутууларга, кысым көргөзүүнүн башка түрлөрүнө кабылып келсе, эми санариптик куугунтук көрүнүшү пайда болгонун талдоочулар белгилешет.| Азаттык Υналгысы
Огулжахан Атабаева - Түркмөнстандын экс-президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун кызы. Ал жакында атасын коштоп Баку шаарына барганда аларды азери лидери Илхам Алиев кызы Лейла менен тосуп алды. Түркмөнстанды 18 жылдан бери башкарган үй-бүлөнүн кызы соңку маалда саясатк...| Азаттык Υналгысы
АКШ Дональд Трамптын администрациясы бийликке келгенден бери алгач жолу Орусияга карата санкцияларды күчөттү. Бул тууралуу 22-октябрь кечинде жарыяланды. Вашингтондун "кара тизмесинде" Орусиянын ири мунай компаниялары “Роснефть” жана “Лукойл” илинди. Санкциялар бул ...| Азаттык Υналгысы
Европарламент Сахаров атындагы сыйлыкты Грузияда жана Беларуста камакта отурган журналисттер Мзия Амаглобели жана Анджей Почобутка ыйгарды. 2021-жылы камакка алынган Почобут журналист, беларус бийлиги тааныбаган Поляктар биримдигинин активисти. Европа парламентинин б...| Азаттык Υналгысы
Борбордук шайлоо комиссиясы соңку беш жылда Кыргызстанда туруктуу жашабаган Курманбек Жоошбаев аттуу жаранды Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тартты. Мындай чечим Боршайкомдун 22-октябрдагы отурумунда кабыл алынды. Жоошбаев №3 шайлоо окру...| Азаттык Υналгысы
Орусиялык Су-30 жана абада май куюучу Ил-78 учагы Литванын аба мейкиндигин бузганын бул мамлекеттин Коргоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, бул көрүнүш Орусиянын Калининград облусу менен чектешкен Кибартай шаарынын аймагында болгон. Учактар Литванын ...| Азаттык Υналгысы
Кыргызстандык балбан кыз Нурзат Нуртаева Сербияда өткөн жаштар арасындагы чемпионатта (U-23) алтын медал утуп алды. 72 килограммдык салмакта күрөшкөн Нуртаева алгач германиялык, кийин чейрек финалда орусиялык балбандарды жеңди. Ал эми жарым финалда ал жапониялык балбан м...| Азаттык Υналгысы
Өзбекстандын Алдыңкы технологиялар борборунун окумуштуулары улуттук генетикалык карта түзүү үчүн калктын ДНКсын текшерүү боюнча кеңири изилдөө жүргүзүштү. Газета.uz сайты кабарлагандай, ага дени сак жана ар кандай тукум кууган ооруларга чалдыккан 250 бала тартылды. Нат...| Азаттык Υналгысы
Украинанын Краматорск шаарында орусиялык дрон соккусунан украиналык FREEДОМ телеканалынын эки журналисти каза тапты. Бул жөнүндө Донецк облусунун аскердик администрациясынын башчысы Вадим Филашкин билдирип, кийин телеканал кабарды бышыктады. Маалыматка караганда, аск...| Азаттык Υналгысы
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстанда өрт катталган учурлар көбөйгөнүн билдирди. Өткөн тогуз айда 2 миң 284 учур катталган жана бул былтыркы ушул мезгилден 25% көп. Бул убакыт аралыгындагы өрттөн жалпы 40 киши каза болгон, анын 12си балдар. Өрт коопсуздугу жөнүндөгү мый...| Азаттык Υналгысы
Азербайжан Арменияга транзиттик жүк ташууга салынган чектөөнү алып салды. Бул тууралуу азери президенти Илхам Алиев шейшембиде Астанада Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, биринчи болуп казак буудайы Азербайж...| Азаттык Υналгысы
Орусиянын армиясы 22-июлга караган түнү дагы Украинанын бир катар аймактарына, анын ичинде Краматроск, Славянск, Одесса, Сумы жана Херсонго сокку урду. Донецк облусуна караштуу Краматорск шаарындагы чабуулда башкарылган авиабомба көп кабаттуу үйгө тийди. Натыйжада он жа...| Азаттык Υналгысы
Президенттин алдындагы инвестиция боюнча улуттук агенттик Ысык-Көлдө Асман шаарын куруу боюнча кытайлык компания менен меморандум түзүлгөнүн 21-октябрда билдирди. Мекеменин маалыматында, сүйлөшүүлөр алгач Шанхайда, кийин Бээжинде уланып, 17-октябрда улуттук агенттикти...| Азаттык Υналгысы
22-октябрдын түнүндө орусиялык аскерлер Украинага дрон жана ракета менен чабуул койду. Киевде соккулардан эки адам каза тапты. Дагы 19 адам жабыркаган, арасында беш бала бар. "Төрт бала жана беш киши ооруканага жеткирилди", - деп билдирди шаар мэри Виталий Кличко. Украинанын...| Азаттык Υналгысы
Словакиянын премьер-министри, эки күн мурда кол салууга кабылган Роберт Фицого бүгүн 17-майда дагы бир операция жасалганын өлкөнүн коргоо министри Роберт Калинякка шилтеме жасап The Washington Post жазды. Калиняктын айтымында, Фицонун абалы дагы эле оор деп мүнөздөлүүдө. Дарыгер...| Азаттык Υналгысы
Жапониянын парламенти премьер-министр кызматына Либералдык-демократиялык партиянын (ЛДП) лидери Санаэ Такаитини тандап алды. Өлкө тарыхында бул кызматка биринчи жолу аял отурду. Такаитиге 465 депутаттын 237си добуш берди. Анын каршылашы, Конституциялык-демократиялык пар...| Азаттык Υналгысы
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) коррупция ишине байланыштуу “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын (“Бишкек” СЭЗ) кызматкерлери кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматында Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупциялык схемаларды жок кылу...| Азаттык Υналгысы
Кыргызстанда тогуз айдын ичинде (январь-сентябрь) айдоочулук күбөлүк алуу сынагынан 281 миң 661 адам кулады. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун Айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Нургазы Ормон...| Азаттык Υналгысы
АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленский менен ок атышууну токтотуу талабын аткаруу үчүн Орусияга Донецк облусун берүүнү талкуулабаганын билдирди. Трамп президенттик Air Force One учагынын бортунан журналисттерге Украина жана Орусия фронттун азыркы сызыгында токто...| Азаттык Υналгысы
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Каракол шаарында 44 жаштагы (А.Г.) аялдын өлүмү иликтенип жатканын билдирди. Облустук милициянын маалыматына ылайык, 19-октябрда Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө шаардагы үйлөрдүн биринде аял киши каза болгону тууралуу маалыма...| Азаттык Υналгысы
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын бир айга жетип-жетпеген запасы калганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, айрым компанияларда бир айга жете тургандай, кээ бирлеринде андан да аз күйүүчү май бар. Негизи өлкөд...| Азаттык Υналгысы
Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайды өткөрүү тууралуу жарлыгына өзгөртүү киргизди. Ага ылайык курултай буга чейин белгиленгендей 22-декабрда эмес, 25-декабрда өтөт. Ага 700 делегат катышат. 2024-жылы үчүнчү Элдик курултай 20-декабрда өтүп, ага 698 делегат катышкан. Алардын...| Азаттык Υналгысы
19-октябрда Боливияда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында борборчул Христиан-демократиялык партиянын өкүлү, сенатор Родриго Пас жеңишке жетти. Шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматында, ал добуштардын болжол менен 55 пайызын алып, мурдагы президент, конс...| Азаттык Υналгысы
Казак өкмөтү коомдук жайларда видео көзөмөл системасын киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу vlast.kz басылмасы Казакстандын санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри Жаслан Мадиевге таянып жазды. Мадиевдин айтымында, жаңы система жасалма инт...| Азаттык Υналгысы
Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк Кыргызстандын бийлигин өлүм жазасын кайтаруу аракеттерин токтотууга чакырып, мындай кадам эл аралык укукту бузарын эскертти. "Мен Кыргызстандын бийлигин өлүм жазасын кайтарып алуу боюнча су...| Азаттык Υналгысы
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Чүйдүн Чоң-Кемин айыл аймагындагы Долпран алтын кенине берилген лицензия жана кенди иштетүү маселеси текшерилерин билдирди. Бул тууралуу атайын кызматтын жетекчиси Кемин районунун Кайың...| Азаттык Υналгысы
Тажикстандын муфтийи, Уламалар кеңешинин төрагасы Саидмукаррам Абдулкодирзода өткөн жумадагы намаз учурунда ботокс жана татуировка жасаткан “мода” калк арасында жайылып жатканына тынчсыздануусун билдирди. Анын видеосу үч күн мурун Тажикстандын Ислам борборунун Ют...| Азаттык Υналгысы
АКШ президенти Дональд Трамптын орус президенти Владимир Путин менен “жакынкы мезгилде” жолугушуу планы жок. Бул тууралуу Reuters агенттиги Ак үйдөгү булактарына таянып таратты. Мындай маалыматты CBS News жана CNN баштаган бир нече америкалык каналдар да билдирүүдө. NBC News кана...| Азаттык Υналгысы
Израилдин армиясы жекшембиде Газанын борборундагы Дейр-эл-Балах шаарында жердеги операция баштоого даярдык көрүп жатканын билдирди. Мындан улам тургундардан эвакуация болууну талап кылган атайын билдирүү таратты. Бул райондо 2023-жылдын октябрында башталган согуштан б...| Азаттык Υналгысы
Киев шаардык аскердик администрациясы Орусиянын 21-июлга караган түндөгү чабуулунан бир адам набыт болгонун, кеминде дагы бир тургун жараат алганын билдирди. Соккулардан адамдар убактылуу баш калкалап турган “Лукьяновск” метросунун кире бериши талкаланганы тууралуу ...| Азаттык Υналгысы
Ош мэриясынын маалыматында, Ош шаарындагы Жибек-Жолу аймактык башкармалыгындагы Орозбеков 26 көчөсүндө таңкы саат 3:30 чамасында турак үйдүн жер төлөсүндө өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.| Азаттык Υналгысы
22-октябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Министрликтин басма сөз кызматы Жээнбек Кулубаев Кыргызстан АКШ менен саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык б...| Азаттык Υналгысы
Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан ишкер, “KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун адвокаты Асель Аргымбаева анын коргоосундагы адамдын ден соолугу кескин начарлап кеткенин билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына пост чыгарып, 21-октябрда тергөө аб...| Азаттык Υналгысы
Ош мэриясынын маалыматына караганда, Ош шаарындагы Жибек-Жолу аймактык башкармалыгындагы Орозбеков 26 көчөсүндө таңкы саат 3:30 чамасында турак үйдүн жер төлөсүндө өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт алоолонуп чатырына чыкканда кошуналары көрүшкөн. Өрт өчүрүүчүлө...| Азаттык Υналгысы
АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленский менен ок атышууну токтотуу талабын аткаруу үчүн Орусияга Донецк облусун берүүнү талкуулабаганын билдирди. Трамп президенттик Air Force One учагынан Украина жана Орусия фронттун азыркы сызыгында токтошу керектигин айтты.| Азаттык Υналгысы
ушул учурга чейин| www.azattyk.org
Чүйдүн Новопокровка айылында газоблок чыгарган заводдо жарылуу болуп, 34 жана 61 жаштагы эки адам каза болду. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 21-октябрда Instagram баракчалардын биринде Ысык-Ата районунда болгон делген жарылуунун видеосу чы...| Азаттык Υналгысы
Орусиянын Новгород облусундагы Валдай райондук соту өзбекстандыктардын "Ватандош" биримдигинин башчысы Усман Баратовду бир жыл сегиз айга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кести. Абакта отурган Баратовго колониянын иш тартибин бузганы үчүн айып тагылды. Бул тууралуу «...| Азаттык Υналгысы
Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан Polyák Imre & Varga János Memorial эл аралык мелдешинде коло байгеге ээ болду. Күрөш дүйнөсү уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, Медет кызы кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта чейрек фина...| Азаттык Υналгысы
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Украинаны Орусия ээлеп алган аймактарынан баш тартпоого чакырды. Бул тууралуу ал Шуша шаарындагы медиафорумда украиналык журналист Дмитрий Гордондун суроосуна жооп берип жатып айтты. Алиев 30 жылдан бери Тоолуу Карабак жана ага жак...| Азаттык Υналгысы
Бишкекте жол кырсыгынан каза тапкан өспүрүмдүн энеси бийликке кайрылып, мындай кылмышка себепчи болгон балдардын ата-энесинин да жоопкерчилигин мыйзам алкагында кароого чакырды. 18-октябрдагы каргашада бир өспүрүмдүн өмүрү кыйылды, дагы үч бала жабыркады.| Азаттык Υналгысы
Эфиопияда Кыргызстандын элчилиги ачылып, Адылбек Тултемиров элчи болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты. Эфиопиядагы элчилик Кыргызстандын Африка континентиндеги алгачкы дипломатиялык мекемеси болуп саналат. Бул өлкөдө элчилик ачуу...| Азаттык Υналгысы
Словакиянын соту премьер-министр Роберт Фицого кол салган Юрай Цинтуланы 21 жылга абакка кести. 72 жаштагы жазуучу теракт жасаганы үчүн айыптуу деп табылды. Адвокаттар анын ишин терроризм эмес, нааразылык билдирүү акциясы деп өзгөртүүнү өтүнгөн. Цинтула өкмөт башчынын кө...| Азаттык Υналгысы